Париждин тургуну батиринин жер төлөсүнөн 500 миң евро таап алды

Париждин тургуну мураска калган батирдин жер төлөсүнөн чемоданга салынган 500 миң евродон ашык акча таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Аннага апасынан мураска калган батирди сатыкка даярдоо үчүн адистерге берген. Процесстин жүрүшүндө ага тиешелүү жер төлө боюнча маселе жаралган. Документ боюнча жер төлө аялдын карамагында болгону менен иш жүзүндө башка бирөө колдонуп, кулпу салып койгон.

Мураскер айым жер төлөнү убактылуу пайдаланып жүргөн кошунасына кат жазган. Бирок бир ай убакыт өтсө да жооп болбогондуктан Анна тийиштүү кызматты чакырып, каалгасын бузушкан. Натыйжада 500 миңден ашык евро табылган.

Акчанын артында кылмыштын изи бар деп божомолдонуп жаткандыктан каражат азырынча аялдын колуна тийбейт. Жерине полиция чакыртылып, алар акчаны адалдоо боюнча кылмыштарды изилдеген финансылык иликтөө тобуна өткөрүп берген. Учурда акчанын ээсин аныктоо боюнча иш жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-10-02 19:51:23
Тан калыштуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан