Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын уулу Ашот кагылышуу күчөп жаткан Тоолуу Карабахка кетти. Бул тууралуу премьер-министрдин жубайы Анна Акопян журналисттер менен жолугушууда билдирген.
"Ооба, уулум, формаңды кий дагы жөнө. Мен сени жакшы көрөм. Бирок мекен үчүн өлгөндөн артык эч нерсе жок", - деп айткан уулуна Акопян.
Армения өкмөтүнүн бирдиктүү маалымат борбору Тоолуу Карабахта кечээ, 30-сентябрда болгон салгылашуу учурунда армян тарап 23 адам каза болгондугун билдирди. Ереванда курман болгондордун жалпы саны 104 деп болжолдонууда.
Мындан тышкары Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүнө таандык сегиз "Град" ракеталык системинин жок кылынгандыгын жарыялады.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.