Telegram каналында жаңы функция пайда болду

Telegram каналында комментарий, ой-пикир калтыра турган функция пайда болду. Бул туурасында аталган мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров өзүнүн Telegram каналына жазгандыгына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Бүгүн биз каналдарга комментарий функциясын кошобуз. Telegram жаңылангандан кийин кээ бирине, анын ичинен бул каналга да ой-пикир калтыра аласыздар", - деп жазган ал өз билдирүүсүндө.

Дуров комментарийлер чатка окшош болорун, тагыраагы, бардык калтырылган жазуулар кайсы бир каналга тиркелерин айтты. Аны менен кошо үн билдирүүлөрдү, "GIF" сүрөттөрдү да жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар деди. Ал каналдын администраторлору тиешелүү чектөөлөрдү киргизе аларын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан