Британиялык хирург Дерек Макминн жашыруун түрдө адамдын сөөктөрүн чогултуп жүргөн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Макминн мындай хоббисин пенсияга чыкканда психикалык тереңдикти сактоо үчүн сөөктөрдү изилдегиси келгендиги менен түшүндүрдү.
Дарыгер өзүнүн коллекциясын 1990-жылдардын башынан бери чогултуп келе жатат. Ал жамбаш муундарын протездөө учурунда бейтаптардын сөөктөрүн уруксатыз чогултуп жүргөн.
Дарыгер иштеген Бирмингемдеги оорукананын кызматкерлери Макминндин адаттан тыш хоббисин билип, ал тургай, ага жардам беришкен. Алардын айрымдары алып салынган сөөктөрдү атайын идиштерге салууга жардамдашкан. Андан кийин бул идиштерди хирургдун жардамчылары алып кетишчү.
Макминн 2019-жылы өзүнүн кызыгуусу жөнүндө оорукана жетекчилигине маалымат берет.
Оорукананын кызматкерлери билдиргендей, Макминн бейтапканага чоң киреше алып келгендиктен, ошол учурда маалыматты жарыя кылбоо чечими кабыл алынган.
"Полиция дарыгерге карата тергөө ишин баштады. Макминн адамдын тканы жөнүндө мыйзам бузууга шектелүүдө. Анткени анын адам органдарын сактоого расмий уруксаты жок", - деп айтылат маалыматта.