Өзбекстанда бийлик өкүлдөрүнө үйүн алдырбоо үчүн өзүн өрттөгөн аял каза болду

Коңшу Өзбекстанда кечээ, 1-октябрда укук коргоо кызматкерлерине үйүн алдырбоо үчүн өзүнө өрт койгон 35 жаштагы Гүланда Дедебаева каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, маркум Гүланда Дедебаева эки жыл мурун 13 миң АКШ долларына апасынын атына үй сатып алган. Райондук администрация жер тилкесиндеги көйгөйлөргө байланыштуу үйдү каттоодон баш тартып, укук коргоо кызматкерлери үй-бүлөнү үйдөн чыгаруу үчүн келишкен. Ошол кезде Гүланда Дедебаева укук коргоо кызматкерлеринин көзүнчө өзүнө өрт коюп каза болгон.

Үйдө маркум эки баласы жана апасы менен чогуу жашачу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Paprikafm
2020-10-02 14:35:34
Эх аттин, ото окунучтуу
+3
Mister-X
2020-10-02 14:56:03
Жанындагылар кино көргөндөй болуп карап турушат го...
+3
Jelezo
2020-10-02 15:18:55
Өкүнүчтүү, жаман иш болуптур.
+3
Jibakana
2020-10-02 21:42:48
Биринчи суротто куйуп жатса колду аркага алып караап турушат го
0
AidaKurman
2020-10-03 09:32:10
Кыска ойлуулук кылбаш керек. Озун олтуром деп коркутуу менен маселе эч качан чечилбейт.Олгондун озунун шору демекчи олду кетти. Апасы кыйналат эми эки баланы багып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан