"Армениянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжан Тоолуу Карабахта күч колдонгонун жана согуштук аракеттерге Түркиянын катышып жатканын сындады. Билдирүүдө Ереван жаңжалды тынч жол менен чечүүнү жактай турганы, бирок Азербайжандын агрессиясына жооп кайтарууга кудуреттүү экени белгилеген.
Ал эми Баку Армян министрлигинин билдирүүсүнө карата комментарий бере элек. Ал арада Азербайжандын Коргоо министрлиги 2-октябрь күнү эртең менен азери аскерлери Тоолуу Карабахтагы стратегиялык бийиктикти ээлеп алганын кабарлаган. Аймакта түнү менен атышуу болгонун Армения Коргоо министрлиги да тастыктаганы маалымдалат.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери армян-азербайжан жаңжалына Түркиянын кийлигишүүсү кырдаалды ого бетер курчутарын айтышууда", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Азербайжан менен Армениянын ортосунда талашка түшүп келген Тоолуу Карабах аймагындагы абал 27-сентябрдан бери курчуп, атышуу уланууда. Кагылышуудан улам 100дөн ашык адам, анын ичинде жай тургундар мерт болгону кабарланууда. Тараптар бири-бирин чатакты ырбатканы үчүн айыптап жатышат.
Буга чейин БУУ баштаган эл аралык уюмдар жана бир нече өлкө кырдаалды тынчтык жол менен жөнгө салыш үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырган. Эл аралык коомчулук бул чатак башка өлкөлөр аралашкан аймактык согушка айланып кетет деп чочулап жатышат.