Президент Сооронбай Жээнбеков: "Эми биз мурункудай карантин киргизе албайбыз"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда "Биринчи радиого" маек берип жатып, буга чейин 1-класстын окуучулары окуп жатса, эми 2-6-класска чейинки балдар мектепке бармай болуп жатканы тууралуу, ошондой эле илдеттин экинчи толкуну болушу мүмкүн деп даярдыктар көрүлүп жатканы боюнча суроого жооп берди.

Биз карантинде 2 ай болдук. Айрыкча, биздей мамлекетке бул абдан оор болду. Эмне үчүн дегенде Кытай жабылды. Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан жабылып, экономика алсырай баштады. Экинчиси - элибизди азык-түлүк менен камсыз кылыш эң чоң маселе болду. Мына 2 ай, кийинки 3 айда бюджеттен 28 миллиард сом жоготтук. Бирок андай кылбасак болбойт эле. Ден соолук маселеси биринчи орунга чыккан. Биз карантинди алып коё бергенден кийин айтып жаттык, ар ким өзүнө сак болушу керек деп. Биринчи өзүңдү сактасаң, анан балаңды сактайсың, жакыныңды сактайсың деп айтып жаттык, бирок кээ бир саясатчылар буга ишенбеди. Карапайым эл көбү ишенди ушуга. Ошонун жыйынтыгы биринчи толкун болуп, абдан катуу болду.

Эми биз мурункудай карантин киргизе албайбыз. Бирок биз экономикага дагы, ден соолукка дагы бирдей көңүл бурушубуз керек. Ал үчүн мен баш болуп, жөнөкөй жаранга чейин эрежени сакташыбыз керек. Биздин дарыгерлер эрежелерди сактоо керектигин айтып жатышат. Эрежени сактасак ооруну жеңебиз. Анан бирөө беш жүз кишини чакырып алып, билип туруп, түшүнүп туруп, той өткөрүп жатса, бирөө элди топтоп алып каза болгондорго куран окутуп жатат. Бул иштерди кыла бер, бирок эрежени сакта деп айтып жатабыз. Шайлоо деп 400, 500, 1000ге чейин киши топтоп, партиялар үгүт ишин өткөрүптүр. Эми аларга чара көрсөң "мына бийлик бизге кысым кылып, бут тосуп жатат" деп кыйкырып чыгышат. Мына карасаңыз, дебаттарды, ошол 20 жылдап иштегендер бийликти шыбап жатышат. Өздөрү жүрүп, эч нерсе жасай албагандар. А берки жаңы келген балдар айтса мейли эми, бул жаңы келатат, чын жүрөктөн иштейм деп макулбуз ага.

Европада ооругандар көбөйүп жатат, баарын ачык-айкын көрсөтүп жатат. Биз сак болушубуз керек. Эрежени бузгандарга катуу чараларды колдонуш керек. Мен өкмөт башчыга да айттым, бардык органдарга айтып жатам, буюрса муну колго алабыз.

Мына эми жакында мектептер иштейт, мектеп иштегенден кийин бул жерде мугалимдин гана эмес, ата-эненин дагы жоопкерчилиги болушу керек. Ата катары, жаран катары түшүнүп турам. Ата-эне, мугалимдер ушул башталгыч класстардын окуучуларын окутууда көбүрөөк түйшүк тартып, кыйналып жатышат. Ошондуктан биз 6-класска чейин балдарыбызды мектепке барсын деген өкмөттүн сунушун колдоп бердик. Бирок менин кооптонгонум - илдет коркунучу толук жок боло элек. Баткенде көбөйдү, кээ бир райондордо көбөйүп жатат. Ошон үчүн бул коркунуч бар. Бардыгы жоопкерчиликти алыш керек. Бардык эрежелерди сактоо менен балдарыбызга кам көрүүнү мурдагыдан дагы күчөтүүгө чакырам", - деп билдирди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан