Саясий партиялардын фондундагы каражаттардын ачык-айкындуулугу боюнча партия өкүлдөрүнө онлайн семинар өткөрүлгөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Баатырова билдирди.
"БШКнын отурумунда атайын чечим менен жумушчу топтор түзүлгөн. Көзөмөлдөө, текшерүү жумушчу тобу республикалык бюджеттен БШКга бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдалануу, кирешелердин булактарын көзөмөлдөө, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунан акчаны туура эсепке алуу үчүн түзүлгөн. Банк мекемелери менен кызматташуу жүргүзүлдү. Партиялардын өкүлдөрү үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Партиялардын фондундагы акчанын ачык-айкындуулугу боюнча онлайн семинар өткөрүлгөн", - деди ал.