"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоодо добуш бере албай калды

"Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова шайлоого добуш бере албай калды.

Анын айтымында, Ош облусундагы мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында ал аталган аймакка жөнөгөн.

"Ошто мыйзам бузуулар көп болуп жатат деген маалыматтарды угуп, түштө жолго чыгууга аргасыз болдук. Менин каттоом Бишкек шаарында болгондуктан, бул жактагы шайлоого келип добуш бере албай калдым", - деп билдирди Клара Сооронкулова.

Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо болду, саат 20:00дө шайлоо участкалары жабылды. Добуш бергендердин саны улам жаңыланууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан