Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди шайлоо болуп өттү. Ага ылайык, чет өлкөлөрдүн туш тарабынан Кыргыз жарандары дагы шайлоого барып добуш берип, атуулдук милдеттерин аткарышты.
Швейцариянын Женева шаарында үй-бүлөсү менен эмгектенип, жашап жүргөн мекендешибиз Жеңишбек Эдигеев аталган өлкөдө шайлоо кандай өткөндүгү тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.
"Кыргыз өлкөсүндөгүдөй эле бул жакта дагы эртең мененки 08:00дөн кечки саат 20:00гө чейин добуш берүү үчүн эшик ачык болот. Кыргыз өлкөсүнүн Швейцариядагы элчилиги Женева шаарында жайгашкан. Ошондо элчилик консулдук маселелер боюнча 5 өлкөнү камтыйт. Бул Швейцария, Испания, Лихтенштейн, Португалия жана Мальта. Мына ушул 5 өлкөдөгү Кыргыз жарандары менен иш алып барат. Жалпы Швейцарияда добуш берүү үчүн 184 Кыргыз жараны катталган. Элчи Данияр Мукашов шайлоого карата уюштуруу иштерин жакшы даярдаптыр. Келгендерди жакшы тосуп алып жатышты, даам сыздырып, ошондой эле санитардык талаптар да кынтыксыз аткарылып жатыптыр. Элдер болсо ар кайсы шаарлардан келип атайын добуш берип жатышты. Мен дагы үй-бүлөм менен барып добуш берип келдим.
Швейцарлардын саатынан, банктарынан, шоколадынан, сырынан сырткары дагы бир таянычы бул – алардын түз демократиясы. Сен кимге салдың, сен кайсыны колдойсуң дешпейт. Анткени алар добушун колун көтөрүп туруп, колуна сыйлаган адамын, партиясын, мыйзамын же бир өзгөрүүнү, мыйзамды ачык жазып туруп мен сендикмин деп ачык добуш берет. Ошондо эч ким сени алдай албайт. Булардын түз демократиясы ушул. Түз демократиянын мааниси – жарандардын мамлекеттик башкарууга аралашканга, кийлигишкенге, мамлекеттик эмне чечим болсун аны акылдашканга, чогуу чечкенге акысы, укугу бар экендиги. Элдин күчү, элдин бийлиги деген ушул", - деп билдирди мекендешибиз Жеңишбек Эдигеев.