Кыргыз өлкөсүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык түрдө алынган маалыматтарга караганда, төрт партия 7 пайыздык тоскоолдукту жеңип чыгышты.
БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 2 миң 339 шайлоо участкалары өз отчётторун беришти, бул 82,38 пайызды түзөт. Маалыматтар реалдуу убакыт режиминде жаңыртылып турат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, алдыңкы катарга "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" партиялары оозуп чыккан.
Жалпы 3 миллион 523 миң 532 киши добуш берүүгө укук алган. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөндүктөн, 437 миң жаран шайлоого катыша алган жок.
Эскерте кетсек, 16 партия депутаттык мандат үчүн ат салышты.