Азербайжан Тоолуу Карабахтагы жерлерди бошотуп алгандан кийин армян эли менен кадимки мамилелерди калыбына келтирүүгө аракет кылат. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Ильхам Алиев брифингде билдирген.
"Биз душмандар басып алган жерлерибизди бошоткондон кийин армян эли менен кадимки мамилелерди калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. Бул албетте оңой эмес. Бирок биз жакшы коңшулук мамилелерге кайтууга аракет кылабыз", - деген Алиев.
Анын айтымында, Армения Тоолуу Карабахтагы айылдардан аскерлерин чыгарып кетүүгө макул болгондон кийин Азербайжан бул аймакта жашаган армян жана азербайжан коомчулугу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.