Түркиянын Анталия шаарындагы Каш аймагында (байыркы Патара шаары) Александр Македонскийдин доорунан калган ашкана, тиричилик буюмдары табылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, археологиялык казуулардын жүрүшүндө изилдөөчүлөр 2400 жыл мурунку ашкананы жана башка бир нече экспонаттарды табышкан. Археологдордун айтымында, табылган урандылар жана буюмдар ошол кездеги адамдардын күнүмдүк жашоосун жакшыраак түшүнүүгө жардам берген.
Кийин белгилүү болгондой, турак жай имараттары менен катар, Александр Македонскийдин мезгилиндеги аскер гарнизонунун урандылары дагы табылган. Казуу учурунда окумуштуулар курал-жарактарды гана эмес, күнүмдүк турмушта колдонулган буюмдарды, ошондой эле ашканадан тышкары айымдарга тиешелүү бөлмө дагы болгонун ал жерде кийим тигүүчү станоктор, күзгүлөр, зер буюмдарын жана башка буюмдарды дагы тапкандыгын баса белгилеген.