Нарын шаарында “Кыргызстан жаштары” уюму уюштурган “Теңир-Тоо ажары” аттуу сулуулар сынагы болуп өттү. Бул сынак буга чейин шаар ичинде мектеп, университет, колледж сыяктуу окуу жайлар арасында жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган. Быйылкы катышуучулардын саны 7ни түзүп, таланттуулары жеңишке жетишти. Сулуулар 5 тапшырма (1. Саламдашуу. 2. “Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылына” карата видеоролик көргөзүү. 3. Өз өнөрүн көргөзүү. 4. "Мырзалар жасаган ишти айымдар да жасай алат" деген темада жөндөмүн көргөзүү. 5. Кыргыз улуттук кийимдерин кийип заманбап үлгүдө мода көргөзүү) боюнча таймашып, “Шайыр ажар”, “Ийкемдүү ажар”, “Жылдыздуу ажар”, “Сүйкүмдүү ажар”, “Таланттуу ажар” сыяктуу номинациялар өз ээлерин тапты. 2-орунду В.Чкалов атындагы №2-гимназиясынын окуучусу Бегимай Тилекова камсыз кылып, “Сахна ажары” наамына ээ болду. Ал эми 1-орунду Э.Ибраев атындагы №4-орто мектебинин окуучусу Айгерим Асылбекова алып, “Теңир-Тоо ажары” аталды. Алдынкы 2 орунга ээ болгон кыздар сулуулар конкурсунун республикалык кароо-сынагына катышууга жолдомо алышты. Бир да кыз көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Башка жылдарга салыштырмалуу быйыл сынак жогорку деңгээлде өткөрүлдү десек болот.