Эртең, 6-октябрда түнкүсүн Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Эртең менен жана күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош, Ысык-Көл облусунда нөшөрлүү жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +7…+12;
Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +4…+9;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +13…+18;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12 градус.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт.
Эртең менен жана күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +9…+11 градус болот.