Жалал-Абадда 22 коомдук тамактануучу жай текшерилип, 19у жабылды

5-октябрда Жалал-Абад шаардык бийлиги борбордук базардын ичинде жайгашкан коомдук тамактануучу жайлардын ээлери менен жолукту. Анда базардагы ашканалардын абалын санитардык талапка жооп бере тургандай жакшыртуу талабы коюлду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Акыркы күндөрдө базардагы тамактануучу жайлар тыкыр текшерилүүдө. Бүгүн да бул аракет улантылып, санитардык талапка жооп бербегендери рейд учурунда жабылып жатат. Эми алар санитардык көзөмөлдөн өткөрүлүп, кемчиликтери жоюлган соң гана ишмердүүлүгүн уланта алышат. Бүгүнкү рейдде жалпы 22 жай текшерилип, анын ичинен 19у жабылды", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан