Биз социалдык тармакта

25 жаштагы фельдшер оор жаракат алды. Бишкекте "Тез жардам" борборуна кол салуу болду

5-октябрда Бишкектеги "Тез жардам" борборуна кол салуу болуп, анын кесепетинен фельдшер оор жаракат алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Бир топ убакытка чейин "Тез жардам" медициналык борборунун короосуна кирүү жана чыгуу жолдору митингчилер менен спецназ отряддарынын айынан жабылып турду.
Учурда "Тез жардам" унаалары үчүн кирүү жана чыгуу жолдору ачылды. Ошондой эле эки "Тез жардам" бригадасына кол салуу катталып, унаалардын айнектери талкаланып, бир фельдшер кыз башынан жаракат алды. Ал 25 жашта, абалы оор. Буга чейин 3 унаа талкаланып, жалпысынан 6 унаага бейтааныш адамдар тарабынан кол салуу болгон.

Ушул таш менен фельдшерди башка чапканы социалдык тармакка жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
AdylbekB84
2020-10-06 02:13:32
Кимге пайда кимге зыян элдин акчасына келген нерселер, кайра эле эл аркылуу талкаланып жатат, мамлекетибиз жок болуп кетпесе эле!
+5
Kyrgyz-aiym
2020-10-06 04:25:23
Эл сел деген ушулда. Бийликтен барибир пайда жок митинги жок эле тынч отургулачы айланайындар карапайым элге минус кылбай. Карантин деп жаап салса отурабыз анан иш жок.
+3
nargiz-sa
2020-10-06 07:32:25
Караңгылык караңгылык
+1
omka100514
2020-10-06 10:02:46
Жинди болуп кетиштиго, тез жардамга кол салып, пожарныйга кол салып
0
rola
2020-10-06 10:24:19
Акмактар жардамга келгенге кол салышып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан