Экс-мэр Албек Ибраимов абактан бошотулду

Экс-мэр Албек Ибраимов абактан бошотулду. Анын камактан чыгып бара жаткан сүрөттөрү менен интернет колдонуучулар бөлүшүүдө.

Сүрөттөн Албек Ибраимовдун абактын эшигинен чыгып жатканын жана короодо кетип бара жатканын көрүүгө болот.

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин "Дастан" ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган.

Кийинчерээк Ибраимовго карата "коррупция" беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган. 2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук сотунун чечими менен Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан