Жакында Казакстанда шайлоо болот. Саясат таануучу алар Бишкектин сценарийин кайталабаш керек экенин эскертет. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жазышууда.
Коңшу Казакстанда келерки 2021-жылдын башында боло турган парламенттик шайлоодо Бишкекте болуп жаткан митингдерге окшогон массалык нааразычылыктар болушу мүмкүн экенин саясий серепчи Марат Шибутов билдирген.
"Казакстанда келерки жылдын башында парламенттин мажилисине кезектеги шайлоо өткөрүлүшү керек. Анда шайлоодо башкаруучу партия ашыкча утушка ээ болсо, анда калктын кыйла бөлүгү нааразычылык акцияларын баштоого себепчи болуп калышы мүмкүн", - деген ал.