Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун келе жатканы кабарланууда. Бул тууралуу социалдык тармактагы Мелис Мырзакматовдун баракчасына билдирүү жарыяланды.
Анда "Күтүп ал, сүйүктүү Кыргызстаным!" деп жазган Мырзакматов.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Ош шаардык соту мурдагы мэр Мырзакматовго "кызмат абалынан пайдаланган" деген берене менен сыртынан өкүм чыгарып, жети жылга эркинен ажыраткан эле. Башкы прокуратура Оштогу көпүрөнүн курулушу боюнча 2013-жылы эки жолу тендер мыйзамсыз өткөрүлүп, мамлекетке ири суммада зыян келген деп тапкан. Ал Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кетип, расмий издөө салынган. Мырзакматов өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келген.