БУУнун башкы катчысы Кыргыз өлкөсүндөгү кырдаал боюнча билдирүү жасады

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун башкы катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик чет элдик басылмаларга билдирген.

"БУУнун башкы катчысы каза болгон адамга кайгырат. Ошол эле учурда болуп жаткан окуянын бардык катышуучуларын сабырдуулукка жана зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырат", - деген Дюжаррик.

Анын айтымында, Гутерреш Кыргыз өлкөсүндөгү окуянын катышуучуларын бир чечимге келүүгө чакырат. Өз кезегинде БУУ учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдоого даяр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
anash
2020-10-07 10:49:43
Бирини бирин же акмак эл экенбиз бунун баарын кашасын чыгарган Атамбайда ушинтип чондорго курал болуп журуп Сириянын кейипин кийбесек болду озгочо жаштар намыс жок экен тономой урмай бийлик талашмай бизге чала болот жок болсок жок болуп ар кимге кул болобуз эх
+6
anash
2020-10-07 10:55:31
Уже Кыргызстан десе эле журок титрей турган болуп калды ошто Душкасы талашып бишкекти Сыймык талашып буларын 1кун мурун болгон нерсени унутуп бийлик талашып атат акмактар наалат силерге Мединский фонду Чон казатын балдары тоноп кетти деп жатат эртен оруу кучосо коробуз кимге зыян кимге пайда экенин ыйлагым келет келечек эмне болот деп тоногондорду ит аткандай аткыла буга баары эле макул болуш керек
+6
Liliia
2020-10-07 11:46:28
сирия ливия украиналарга окшоп калбасак эле болду
-2
akmanai
2020-10-07 12:15:45
Оозунарга келгенди оттобугула. Келесоолор марадёрлук жасаса эле Кыргызстан Сирия болуп кетпейт. Ниетинерди ондогула.Марадёрлукка баргандар жазаланчу кун алдыда. Акыйкат бийлик орногон кун жакын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан