Кенияда бегемот баланы көлгө сүйрөп кеткен. Жергиликтүү тургундар жаныбарга таш ыргытышкан, бирок алар баланы сактап кала алышкан эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Кениядагы Виктория көлүнүн жээгинен бегемот суудан чыгып, ойноп жаткан баланы ылай сууга сүйрөп кеткен. Аны көргөн жергиликтүү тургундар баланы куткарууга аракет кылышкан, бирок сактап кала алышкан эмес.
Кениянын Жапайы жаратылыш кызматынын айтымында, Виктория жана Найваша аймагында акыркы айларда бегемоттордун жана крокодилдердин кол салуулары көбөйгөн.