"Ушуга кеткен акчага мектеп же оорукана салсак болот беле?". Митингдин кесепетинен талкаланган имараттар (сүрөт, видео)

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган митинг болуп, ал массалык башаламандыкка айланган.

Кечээ, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышкан. Жогорку Кеңештин жыйындар залы талкаланып, жетинчи кабаттагы бир топ иш бөлмөлөр өрттөлдү.
Президент Сооронбай Жээнбеков 5-октябрдагы окуяны шайлоо шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети деп баалаган.
Митингдин эпкини азыр да сезилип, шаардагы бир нече имараттар талкаланып, өрттөлдү.
Азыркы тапта бул учурга социалдык тармактын колдонуучулары нааразы болуп, өкүнүч пикирлерин жазышууда. Айтымдарында, талкаланган имараттарга жооп берген эч ким жок, кайра эле азап элге түшөт.
Ал эми 6-октябрдан 7-октябрга караган түнү Бишкек шаарында топтошкон балдар соода борборлорун талкалоого аракет кылышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары видео, сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат.
Журналист Бактыгүл Чыныбаева өкмөт үйүн өрттөгөн, тоногондорду түшүнбөй жатканын жазды.

"Өкмөт үйүн өрттөгөн, тоногондорду түшүнгөн жокмун. Ал жакта аз эле чиновник, бирок абдан көп карапайым адамдар иштечү, арасында жолдошум дагы бар эле. Эми алардын документтери эмне болду? Кызым визага атасынын иштеген жеринен документ керек деп жатат, чет өлкө элчилигине ушул сүрөттөрдү көрсөтөбү? Бул кайра эле биздин салыкка оңдолот да. Ушуга кеткен акчага мектеп же оорукана салсак болот беле? 6-октябрдагы Ак Үйдүн ичи", - деген Чыныбаева.

Белгилей кетсек, митинг учурунда ооруканаларга кайрылгандардын саны 768ге жетти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, ооруканаларга жалпы 768 адам кайрылган. Анын ичинен стационардык дарыланууга 218 бейтап жаткырылды, жандандыруу бөлүмүндө 7 бейтап жатат. 550 бейтап амбулатордук дарыланууга жиберилсе, тилекке каршы, бир бейтап каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bars88
2020-10-07 11:35:24
Эски бийликти кетиришти жанысы бардыгы черный бандиттер.Бандиттер башкарып калабы эми онолбой калдыкго эми
+6
Glucke
2020-10-07 11:39:46
Кыргызтан дагы 50 жыл артка кетти. Чет элдик инвесторлор келбейт. Алар ар 5 жылда талап-тоноо, революция болуп турган өлкөгө рискке кире алышпайт. Мынтип отурсак кантип алдыга жылабыз экенбиз.
+10
Bekmamat
2020-10-07 11:46:01
Бул талкалоого партиялардын лидерлери куноокор. Кочодогу бекерчилерге акча берип жонотушкон да. Биз эч качан онукбойбуз.Бизде ан сезим томон, депутаттардан баштап жонокой элге чейин.Биз озубуздун женгелибизди корсоттук дуйного.
+7
Zimzimemir
2020-10-07 11:47:21
Митинке чыкан митинке угутогондор эл душманы ,малдар колунардан бк да келбей бузгандан башка,жанал бекерпоз жыт чыкан джерден калбаган шумпайлаар
+6
Asel69
2020-10-07 11:50:52
Эми анчалык деле миллиондоп чыгымга учураган жокпуз. Чыгымга учураткандар жанагы коррупционерлер, матраимовтор. Ошолордун акчасын кайтарса карыздан толук кутулабыз.
0
Gabiku
2020-10-07 12:11:08
Asel69, Ошол матраимовун сага кармата коет ушул акчага ондой калгыла деп.
+1
JaneEr
2020-10-07 11:51:20
Эл онолмоюнча,башчыбыз онолбойт.Тополон кылбай турса ушул партиялар,президент жолугушуу откоруп тынчтык жолу менен шайлоону жокко чыгармак.Эми элди ойлогонубу,же оздорунбу булар?Кыргызстан онугушуно эч кепилдик жок.Бийлик келе берет кете берет.Орустар шылдындап атат баарына парламенттен места жок,буларга чоон здание керек деп.Депутат болом деп жулунушат.
+4
bond02
2020-10-07 11:54:45
Шору арылбаган кыргыз, озундун келечегинди талкалаганынды сездин бекен ошол имаратты талкалап жатып.
+5
anash
2020-10-07 12:01:05
Баарынар коруп атсанар керек онлайн Чон казат деген балелер бийлик талашып журушот урматтуу калайык калк айткыла тууган урука бала чакага досчарга митинге чыкбасын кайтсын уйлоруно ишенбесенер коргуло онлайн тоногонда чон казат бийлик талашканда ушулар булар карышкырданда ач экен
+5
JaneEr
2020-10-07 12:18:48
anash,Сыймык дегени кыпкызыл жинди экен.Бардыгын ошол баштады ,озун озу прокурор кылып.
+5
Glucke
2020-10-07 12:29:28
Оштон сабак алгылачы... Ошончо адам мэрия астында митингде жүрсө да бириси бир гүлдүн башын да жулбаптыр го. Оштук экениме сыймыктандым.
+6
futboler
2020-10-07 13:06:11
Кечээ карантин убагында, чек арада жаңжал болгондо ушул жеп жутарлар кайда эле? Ийининен чыкпай жатышты го. Бийлик десе чуркап чыгышты.
+1
mirkaa5182
2020-10-07 16:29:21
Ай акылы жоктор канча деген акча менен болгон нерсени өртөп, бүлүндүрүп, талкалап не таптыңар бардыгын сабырдуулук менен жеңсеңер болбой беле, площадка үндөп чакырган партия лидерлери силер күнөлүсүңөр ушуга.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан