iPhone-12 смартфону качан тааныштырылары белгилүү болду

"Apple" компаниясы 13-октябрда iPhone-12 смартфонунун бет ачарын өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Адатта "Apple" компаниясы буга чейин жаңы iPhone’дордун бет ачарын сентябрь айында өткөрүп келген. Бирок быйыл сентябрь айында жаңы iPad планшетин жана "Apple Watch’ту" тааныштырганына байланыштуу салтка айланган салтанат октябрь айына жылдырылган.

Компания бет ачарда iPhone-12, iPhone-12 Pro, iPhone-11 Pro Max, vbyb iPhone-12 аталышындагы төрт жаңы смартфонун тааныштырат.

Мындан тышкары, компания "AirPods Studio" гарнитурасын, "HomePod" колонкасын, Apple TV приставкасын жана AirPower зымсыз кубаттагычын көрсөтөрү күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан