"Артында ата-энеси, үч карындашы калды". Митинг учурунда жаракат алып, каза болгон 19 жаштагы бала бир үйдүн жалгыз уулу болгон

5-октябрда өткөн митингде жардыруучу заттан улам денесинен жаракат алып, каза тапкан 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу бир үй-бүлөнүн жалгыз уулу болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Инаят Ниматова аттуу маркумдун жердеши кабарлады.

Ал каза болгон бала Лейлек районунун Кара-Булак айылынан экенин айтат.

"Үмүтбек жакшы үй-бүлөнүн, тарбиялуу баласы эле. Келечекке үмүтү чоң болгон. Ал студент, Бишкектеги окуу жайлардын биринде билим алып жаткан. 5-октябрь күнү башка көптөгөн жарандардай эле шайлоонун жыйынтыгына нааразы экенин билдирүү үчүн аянтка барыптыр. Эми анын артында ата-энеси жана үч карындашы калды. Атасы 44 жашта, апасы 41 жашта. Азыркы тапта биз Алтынбек уулу Үмүтбектин жаназасына баарын чакырып, баатырларча узатканга жардам берели деп жатабыз. Анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Кара-Булак айылына коюлат", - дейт Инаят Ниматова.

Мындан тышкары Инаят Ниматова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.

"Силердин бүгүнкү күнүңөр үчүн өмүрүн, жанын берген жапжаш баланын сөөгүн туугандары бүгүн араң өлүкканадан чыгарып, туулган жери 1 миң 100 чакырым алыс болгон Лейлек жергесине алып кетишти. Эл башчылары, жаназасына кимиңер барасыңар? Акыркы сапарга баатырларча узатып койгонго убактыңар барбы?".
5-октябрда "Ала-Тоо" аянтына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар чогулуп, массалык митинг өткөн. Кийин укук коргоо органдары менен митингдин катышуучулары ортосунда кагылышуу орун алып, биринчилери демонстранттарды качыруу үчүн кулак тундуруучу граната жана жардыруучу заттарды колдонгон.
7-октябрь күнү саат 12:30га карата жаракат алып медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 911ге жеткени маалымдалды.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди тандоо 4-октябрда өткөн. БШК 7 пайыздык босого чегинен 4 партия өткөнүн билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Jelezo
2020-10-07 15:06:17
Батага барышса креслого жетбей калышбайбы.
Баланын ата энесине сабыр тилейм айла жок сиз менен бизди пайдаланып бийликке жетишет анан сыртка ыргытып салышат .
+16
katerina.li
2020-10-07 15:06:57
Бул баланы ойлогон эээээч ким жок. Баары кресло талашып отурушат. Жапаровунар баш болуп
+12
JaneEr
2020-10-07 15:13:08
Бекер эле барыптыр.Бийлик келе берет,кете берет.
+22
Pchelka85
2020-10-07 15:35:09
Эски жуздо кайра бийликке келсе
Мен, Садыр Жапаровтун жердеши... аял башым менен жаштарды колдоп митингге чыгам!!!!!
-3
Nur777
2020-10-07 16:02:46
Pchelka85,биринчи конул айтып койсонуз саясатты суйлобой!Адам олуп атат!
+10
mira28
2020-10-07 18:35:49
Pchelka85,аял башыныз менен митинге эмне бар Сиз каалаган жаны бийлик орногондо пенсияны которобу же пособияны которобу, же сизге алтындан медаль тагабы кайсы озгорушко кепилдик бере аласыз. Мен 100 пайыз кепилдик берем эч нерсе озгорбошуно. Болгону Эл Жан кыйып жаткан Садыр, Мелис, Сапар жана башкаларлын уй жайы онолот, машинасы жаныланат, балдары чет олкодо билим алып жакшы иштерге орношот. А сиз менен бизге очойгон светтин квитанциясы, школдон ремонтко, китепке акча бер деген салам кат
+4
mira28
2020-10-07 18:43:02
mira28,доктурга акча сунуп ден соолук каратмай жана чет олкодо умут издеп иштемей калат. 19 жаш деген кандай орт курак. Окунучтуу бул баланын жалп этип очкону. Эми ага батага барышса, устуно алтын чачса да, баатыр деп эстелик тургузса да тирилбейт жана кайра жаралбайт. Келгиле энелер балдарды тынчтыка чакыралы. Ага инибизге уулубузга митинг менен эч нерсеге жетишпешин жеткирели. 3 бийликти тонкоруп ак уйду талкалады Эл, эмне озгорду. Эн коп акчаны чет олкодо мигранттарга алып келип жатат. Эл суу
+5
Bemamil
2020-10-08 08:53:48
mira28,
0
Bemamil
2020-10-08 08:55:03
Туптуура
0
Kadyrova_
2020-10-08 01:52:16
mira28,Туптуура айтыпсыз.мен кошулам.
0
AdylbekB84
2020-10-07 15:38:41
Эл дагы деле түшүнбөй жатат, Кыргызстандагы митинг пикеттер эмнеге алып келерин! Урдум баарын чоңдордун, кресло талаш, карапайым калкты, бандиттерди караган адам жок! Жер үй алтын кенин дагы талкалап кетишиптир, кыргыз көмүргө барган болсолор, майлуу сүттүү жерлерди талаш жүрүп жатат!
+4
Nur777
2020-10-07 16:06:27
Умубектин жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Ата-энеси умут менен Умутбек деп коюшкан го атын,бирок бул умут очту,абдан окунучтуу(((((
Андан окунучтуусу бугун бироосунун да кабыргасы кайышып кеп кылып койгон жок!!!
Ата-эне,бир туугандарынын гана шору болду...
Жайы жаннаттан болсун(((
+9
Perfekt
2020-10-07 16:19:52
Жаш бала экен. Жок дегенде ата-энесине акчалай жардам бериш керек.
+7
rola
2020-10-07 19:52:43
Ата-энесине сабыр берсин.Аллахым бейишинен орун бере кор.
+3
aliya-leyla
2020-10-07 20:33:00
Ата -энесине сабыр тилейм, башкалар бул жөнүндө ойлоп да койбойт.
+2
Nursul
2020-10-08 08:47:46
Жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтабыз. Мекеним деп кайтыш болгон адам шейиттин сообу берилет дегенго Инша Аллах шейиттин даражасы насип этсин
0
Gospozhatsetok
2020-10-08 11:00:06
Жайы жанната болсун, байкуш бала жапжаш кетиптир. Аллахым баарыбызга сабыр берсин,эки доо урушса ортосунда чымын кырылат болуп жатабыз да.Бийликтегилерге баары бир такка баргандан кийин карапайым калкты ойлогулары да келбей калат. Биз буну тушунушубуз керек болчу биринчи жолу болуп жаткан жокда булар бизди жон гана курал кылып жатышканын.
0
Dikowka93
2020-10-08 11:50:29
Ажалдан эчким качып кутулбайт!!! Аллахым оз мээримине алсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан