Москвадагы кыргыз жаштары өлкөдөгү абал боюнча кайрылуу жасашты

6-октябрда Москвадагы кыргыз жаштарынын өкүлдөрү топтолуп, Кыргыз өлкөсүндөгү бийлик өкүлдөрүнө, саясий партияларга жана элге кайрылышты. Бул тууралуу Москва облусундагы Кыргыз диаспорасынын Чүй коомунун өкүлү Алтай Иманалиев SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүнкү Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан кырдаал чет өлкөдө жүргөн жалпы жарандардын жүрөгүн оорутуп турат. Ошондуктан биз 6-октябрда жалпы мекендештер, жердештер чогулуп мекенибизге жакшы каалоо-тилек жолдодук эле. Бул жерде эң биринчи каралган маселе - бул Кыргыз өлкөбүздөгү тынчтыкты, мамлекетти сактап калуу, туура эмес иштерге барбоо, морадёрлукка, талкалап уурдоого тыюу салуу жана бийликтеги иштеп жаткан губернатор, мэр, акимдерди мыйзамсыз жумуштан алууну токтотуу. Бардыгы мыйзам чегинде гана иш алып баруусун талап кылабыз. Биз мекенибизге тынчтык гана каалайбыз, бардыгы мыйзам чегинде болсун", - деп билдирди Алтай Иманалиев.

Жыйынга Кыргыз өлкөсүнүн жети облусу боюнча түзүлгөн коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана жаш активисттер чогулган.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсүндө 2 күндөн бери шайлоо жыйынтыгына нааразы болгон партия өкүлдөрү жана элдердин нааразычылык митингдери токтой элек.

5-октябрда "Ала-Тоо" аянтына шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар чогулуп, массалык митинг өткөн. Кийин укук коргоо органдары менен митингдин катышуучулары ортосунда кагылышуу орун алып, биринчилери демонстранттарды качыруу үчүн кулак тундуруучу граната жана жардыруучу заттарды колдонгон.
Митингден жаракат алып, медициналык мекемелерге кайрылган жарандардын саны 911ге жеткени маалымдалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан