Тактыдан кулатылган Сооронбай Жээнбековдун өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кезектеги кайрылуусу

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасады.

«Урматтуу мекендештерим!

Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө азыркы саясий туңгуюкка кептелгенине мына 3 күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Ушул кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды толук түшүнөм. Президент катары ушул абалдан тезирээк чыгууга болгон күч-аракетимди жумшап жатам. Ушул максатта ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам.

Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден, президент катары талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет билдирем. Бирок кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл.

Ал үчүн сиздер билгендей, Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыктарына кол коюшум үчүн парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек.

Азыр пайда болгон саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл.

Урматтуу мекендештерим, сиздердин сабырдуулугуңуздарга таазим этем. Ошону менен катар саясий күчтөрдөн конкреттүү, иштиктүү кадамдарды күтөм. Жараткан өзү жар болуп, элибиз аман, жерибиз тынч болсун».

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Janna07
2020-10-07 20:52:00
Өзүңүз келбесеңиз болбой калды бул жагы. Кантсе да легитимдүү президентсиз. Макул деп кетип эле калыңызчы, көрөлү мындан ары кимиси кыйратаарын!
+24
JaneEr
2020-10-07 20:52:16
Туура.Саясий кучтор учоо.
+9
Djumahmatov
2020-10-07 20:57:46
Тагдырга моюн сунгандай болуп калбадыбы бул жагы? Биздин өкмөт ушунчалык алсызбы? Жёска закон керек кулак салбаганды атыш керек? Ким президент? Ким премьер? Ким башчы 120 кой деп жүрүп 120 койдун айынан башчы жок 120 койдон дагы өтүп кеттикго Россия же Кытай кырдаалдан пайдаланып келип отуруп алышса эмне кыласыңар?
+5
interpol
2020-10-07 21:02:22
Садырга колдоо керек урматуу достор. Садырга ишенебиз. Эээй теке токтотчу жомогуңду. Сен эл душманы катары тарыхка кирип калба элге бүлүк салып
+22
white_angel
2020-10-07 21:06:13
Башында эле, 5 октябрь куну Эл чогулуп баштаганда, партиянын лидерлерин чогултуп суйлошсо болот эле го. Ушул кырдаалга деп как будто он не причём. Президент болгон сон, президенттей чечкиндуу болуш керек.
+10
bond02
2020-10-07 21:06:40
Бир башта бир олум, эмнесинен коркосуз пока бийлик колдо катуу туруп мыйзам чегинде ишти уланта берин антпесе биздин кыргыз озубуздун Кыргызстанды озубуз талкалаганы калдык.
+10
nurka_85
2020-10-07 21:06:53
Туура, урматтуу мекендештер. Сооронбай Шариповичти тынч узатып коёлу. Бул киши жакшы иштерди жасады. Убалына калбайлы. Шайлоодо добуштарды элдер өздөрү сатты. Бул жерде Садырдан башка дагы түрмөдөн чыккан иттердин иши болуп жатат.
+11
Nur777
2020-10-07 21:34:07
Кыйын Президент боло алган жоксуз,куда-соок,ака-ука системасы менен иштединиз,клановый режимди кайра орноттунуз,олконун баардык финансылык жагын жакындарыныз соруп отурду,экономика онуккон жок,Кытай карызы учун жерлерибизди алганы турат,ыплас шайлоо откордунуз,ошон учун кетип жатасыз,бирок кетээрде жакшылык жасап кетиниз,Садыр Жапаровдун статусун легитимдештирип кетиниз,депутаттар пока легитимдуу,кворум откоруп берсин,сизди угат алар,башка олколор таанысын,ошондо жакшы ат менен каласыз тарыхта
+5
Adil18
2020-10-07 21:49:09
Элим деп калганына жол болсун!
3 жыл ичинде элге,мамлекетке эмне иш жасадын.Жон гана мамлекетибизди онуктуробуз деген созду кайталап журуп откордун.Эмнеге шайлоо болоордон мурун элге кайрылып мамлекеттик кызматта иштегендер паспортторунарды сурагандар болсо дароо кайрылгыла туз эфир аркылуу.Катуу жазага тартууга буйрукту жеке озум беремин деп айткан жоксун.Ининди саясаттан четтетишин керек болчу.Чек ара боюнча эч бир ооз ачкан жоксун.Дача Су боюнча дагы пикиринди билдире элексин.
0
rola
2020-10-07 21:58:34
120 койдун пайдасы мынакей.Президент президенттей болуп катуу туруш керек!
-1
sotkasotovic
2020-10-07 23:43:40
4-5 балалуу болгондо эле уй булоону башкара албай жудойбуз, калкы алты милиоондон ашкан элди башкаруу бул бир адамдын колунан келе турган иш эмес.
Жаманбы жакшыбы Сооронбай Шарипович жеке менин оюмда жакшы эле иштерди жасады..
+4
mirkaa5182
2020-10-08 00:13:29
Сооронбай Жээнбеков жаман көрөбүзбү жакшы көрөбүзбү биздин легитимдүү мыйзамдуу президент, колунан келгенче эле иштеп атты эле, анча мынчасын эсепке албаганда.
+1
akmanai
2020-10-08 00:14:25
Элге тан калып бутпойсун. Кыргыз жылкы муноздуу келет деген ушул экен да. Шайлоодогу баардык былыктарды коруп кормоксон, угуп укмаксан болгону калппы. Ушул башаламан ызы чуунун эн башкы куноокору ушул киши, бирок Жапаровду колдоп бийликти орнотуп туруп кетсе жакшы иш кылган болот
+2
Ariz0112
2020-10-08 19:22:51
Сооронбай Шарипович жөнөкөй жакшы адам жооштугунан пайдаланышып үстүнөн бийлик жүргүзгөндөй сезилет. Жакшы эле иштерди жасады тынч эле узатып коелу неберелеринин алдында каарылыктын доорун сүрүп жашай берсин.
0
ulanbek2000
2020-10-08 20:05:00
Урматтуу президент өз каалооңуз менен арыз жазып иштен кетсеңиз жакшы болмок. Элдин баары ошону күтүп жатат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан