"Эртеңден баштап өлкөдө стабилдүүлүктү орнотобуз". Садыр Жапаров жаштар менен жолугуп, чогуу иштешүү тууралуу чечим чыгарды

Кечээ, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан өкмөт башчы болуп шайланган Садыр Жапаров Жаштар делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу видеону жарандык активист Мелис Аспеков социалдык тармактагы баракчасында түз эфир кылып жарыялады.

Анда Садыр Жапаров жаштар атайын делегация түзүп, сүйлөшүү үчүн жөнөткөнүн билдирди.

"Өкмөт үйүнүн алдында топтолуп турган жаштар. Сиздер мага лидерлерди шайлап, делегат кылып жөнөтүпсүздөр. Кабыл алдык, сүйлөштүк. Бардык талаптарын, өздөрүнүн ой-пикирлерин айтты. Жаштардын ою менин оюм менен төп келишти. Ошондуктан жаштардын бардык сунуштарын кабыл алдым. "Ала-Тоо" аянтында жана өкмөт үйүндө турган жаштарга кайрылуу жасап коёлу деп чечтик. Эртеңден баштап бизге иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле деп жатабыз. Эртеңден баштап стабилдүүлүктү орнотуп, мыйзамдуу талаага кирип иштеп баштайлы деп чечтик. Мындан тышкары координациялык кеңеш түзүп жаткан саясатчыларга, күчтөргө дагы кайрылып кетем. Алар менен сүйлөшүүгө каршы эмесмин. Жаштарга дагы бир жолу айтып кетем. Ар кайсы саясий күчтөрдүн куралы болуп калбагыла. Эски саясатчылар келбесин деп жатканыңарды 100 пайыз колдойм. Жаштар эски саясатчылар келбесин деп жатсаңар дагы, кайра эле ошол эски саясатчылардын куралы болуп жатасыңар. Өкмөт иштебей жатат деген сөздөр чыкты. Өкмөт өз ишин кылууда. Бирок ызы-чуу болгондуктан башка жакта иштөөгө туура келди. Өкмөттүк курам иш аткарып жатат", - деди Жапаров өз кайрылуусунда.

Жаштардын атынан сүйлөшүүгө келген делегация дагы Жапаровду колдорун билдиришти.

Делегациянын курамында келген грек-рим күрөшү боюнча спортчу Канат Бегалиев төмөндөгүлөргө токтолду.

"Бизде жакшы тилек менен келишим болду. Баарыбыз биримдикте Кыргыз өлкөсүнүн жаркын келечеги үчүн ынтымакта бул кырдаалдан чыгалы. Садыр Нургожоевичке шарт түзүп берип, иштетип жардам берели деп чечтик", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Kalmurzaev8900
2020-10-07 23:10:38
Молодцы биз сиз менен
+12
Alia82
2020-10-07 23:17:07
Азаматтар, эми озунорго келдинер, жардам берип колдогула Садырды элдин жаркын келечеги учун!!!
+18
Shef87
2020-10-07 23:50:26
Садыр алга
+10
akmanai
2020-10-07 23:51:50
Мына бул туура чечим
+9
bema_bema
2020-10-07 23:55:35
Окуп алып суйунгонумон ыйладым.Кыргыз элимин ишеничин актап таза иштеп бериниз.
+11
Ziregim
2020-10-07 23:59:42
Теетиги Мирбек Атабеков жана командасына да тушундуруп койгулачы лидерлер жакшылап каншылабай уйундо жатсын
+12
Raatbek700
2020-10-08 00:14:51
Азаттык Жана Спутник маалымат баракчалары сатылган аларга ишенбегиле
+7
JaneEr
2020-10-08 08:54:59
Raatbek700,ооба.Азаттык жалаа жаар жатат ар кимдин созун жазып
+3
Dani
2020-10-08 00:43:46
Садыр алга Аллах раазычылыгы учун иштеп бериниз
+6
bond02
2020-10-08 00:50:14
Озу кыргызга катуу адам керек экен президенттике. Элдин конулуно карабаган мамлекеттин кызыкчылыгы учун иштеген.
+8
Talantmarsel
2020-10-08 07:15:05
Эң туура садырды шайлап ар бир жараан жардам берели чогуу биримдикте ынтымакта
+2
bekalife
2020-10-08 07:35:12
Молодцы жаштар
+1
Bars88
2020-10-08 08:37:08
Элди бузган шаулин жанар теке адаханды ашаны командасы менен камап салса тынчыйт элек.Булардын атын чон тамга менен жазгым келбеди
+4
Alnura
2020-10-08 08:48:25
Убакыт өткөн сайын албетте бийлик алмашат.Бирок төгөрөгү төп келген адам жок.Бир адамга жаккан инсан экинчи адамга жакпайт.Тандоодо элдин,биздин кемчилигибиз добушубузду саткандыгыбызда.Таза шайлоо дейбиз "таза шайлоо"болуу үчүн ар ким өз эркин,написин тизгиндей билүү керек.Биз демократия деп өзүбүздүн каада-салт,үрп-адатыбыздан четтеп бараткандайбыз.Элим,жерим деп,мен патриотмун деп жүрөк кагабыз бирок баары куру намыс,баары акча.Итти"кучкуч"деп нан берсең келет"алакүш&
+3
Alnura
2020-10-08 09:05:33
2005-2010-жж.революция болду.Канчалаган адамдар курман болду.Канчалаган аталар,энелер баласынан,балдар атасынан айрылып жетим калышты.Ортодо азап чеккен карапайым калк.Качан ушуну аңдап түшүнөбүз...Качанга чейин саясий партиялардын куралы болуп жүрөбүз.Ошол аянтка чыкканча аталар бешене тер,адал мээнет менен балдарды багалы,энелер балдарга жакшы тарбия берип үйдө отуралы.Жаркын келечекти куралы.Балдарга үлгү бололу!!!"Куш уяда эмнени көрсө,учканда ошону алат".
0
Birimdik5555
2020-10-08 18:15:04
Элдин умут тилегин,ишеничин актап,жакшы иштегиле азаматтар,Кудай озу колдосун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан