Таласта Марат Мураталиевди өкмөттүн Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматына кайтып келүүсүн талап кылган митинг өтүп жатат. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматкери социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
"Ушундай учурда ынтымакта, биримдикте бололу. 2020-жыл кыйын жыл болду. Сиздер менен бирге биримдик менен коронавирус илдетин жеңдик", - дейт Мураталиев.
Буга чейин Талас облусунун башчысы Марат Мураталиев өз каалоосу менен отставкага кеткен.