Бүгүн, 8-октябрда Карабахтагы байланыш линиясынын түндүк жана түштүк багыттарында салгылашуу кайрадан башталды. Бул тууралуу Тоолуу Карабах Республикасынын Коргоо армиясы социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Учурда согуштук аракеттер түндүк жана түштүк багыттарда кайрадан жанданды. Коргоо армиянын бөлүктөрү кырдаалды ишенимдүү көзөмөлдөөнү жана душмандын аракетин басууну улантууда", - деп жазылган билдирүүдө.
Өз кезегинде Армениянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Шушан Степанян саат болжол менен 10:10до (Бишкек убактысы боюнча 12:10) Азербайжандын эки пилотсуз учагы атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.