Коронавирус жуктуруп алган АКШнын президенти Трамптын дарылануусуна канча акча кеткени айтылды

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустан айыгып, дарылануусуна 100 миң доллардан ашык каражат корогону айтылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Трамп тик учак менен келип, кайра тик учак менен кетти. Ал көп ирет коронавируска карата тесттен өтүп, кычкылтек, стероиддер жана эксперименталдык антителаларды алган. Эгерде мындай дарыланууга президенттен башка адам болгондо 100 миң доллардан көп чыгым тартмак", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка караганда, тик учактын келип-кеткени эле 40 миң доллар чыгашага турары белгиленет.

Президент госпиталда үч күн жаткан соң ооруканадан дүйшөмбү күнү чыгарылган. Дарыгерлер Трампта коронавирустун симптомдору жок деп белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан