"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Куу чирен - курулай жасанган, сылан короз, мактанчаак, колунан эч нерсе келбесе да кекирейип басып жүргөн, кербез. Мисалы: Куу чирен, жөө манаптардан колхозчубуз азырынча куру эмес. (А.Убукеев)
2. Тоң моюн - тил албаган, айтканга көнбөгөн, көңүл коюп иштөөнү каалабаган, кежир адамдардын мүнөзүнө карата айтылган. Мисалы: Кантейин! Ушундай тоң моюн болгонуң жаман. (К.Каимов)
3. Кол ийрисине тартуу - Жакындарына, өз дегендерине, тууган-туушкандарына, жакын санаалаштарына жан тартуу, аларга мурдараак, көбүрөөк, жакшыраагын берүү. Мисалы: Сен ошол кедейлердин тобунун башчысы экениңен пайдаланып, кол ийрисине тартат кылып, өзүңө көбүрөөк алып койдуң. (К.Эшмамбетов)