АКШнын президенти Дональд Трамптын учурдагы абалы боюнча аны дарылап жаткан дарыгер Шон Конли билдирүү таратканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Дарыгердин билдирүүсүндө Дональд Трамп 10-октябрдан тарта иш-чараларга катыша алат.
"Диагноз аныкталгандан тарта 9 күн өттү. 10-октябрдан баштап президент иш-чараларга катыша берсе болот", - деген Конли.
Мындан сырткары, ал Трамп 3 күн ооруканада дарыланып, дүйшөмбү күнү чыкканын кошумчалаган.
Эске салсак, АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирус илдетине кабылганы айтылган.