АКШнын Колорадо штатында жаңы баш кошкон жубайлар үлпөт тоюн өткөргөндөн 4 күн өткөндөн кийин авиакырсыктан каза болушту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаш жубайлар Колорадо штатынын Телларайд шаарынан бал айын өткөрүп үйүнө кайтып келе жатышканда авиакырсыкка кабылышкан. Жубайлар учкан жеңил кыймылдаткычтуу учак абага көтөрүлгөндөн 10-15 мүнөттөн кийин жерге кулап түшкөн. Ошондой эле каза болгон жубайлар авиакомпанияда иштегени, күйөөсү United Airlines авиакомпаниясынын учкучу болгону айтылат маалыматта.
Учурда АКШнын Улуттук транспорт коопсуздугу кеңеши кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөөдө.