Анда казак инвесторлоруна тиешелүү бир нече ишканаларга кол салуу жана басып алуу аракети болгону белгиленген.
"Казакстан ТИМинин билдирүүсү Кыргыз өлкөсүндө саясий кризис өкүм сүрүп, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы бир катар алтын кен комбинаттарында иш токтогону жөнүндөгү маалыматтардан кийин чыкты.
Бейшембиде казак маалымат агенттиктери казакстандык "KAZ Minerals Bozymchak" компаниясы иштетип жаткан алтын кени ишин токтотуп, кызматкерлер коопсуз жайга көчүрүлгөнүн жазышкан.
Казакстандын тышкы саясий мекемеси соңку жылдары казак компаниялары Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына миллиард доллардан ашык инвестиция салганын белгилеген. "KAZ Minerals Bozymchak" Казакстанда жез өндүргөн "KAZ Minerals PLC" компаниялар тобуна кирет", - деп жазылат маалыматта.