Нобель тынчтык сыйлыгы Дүйнөлүк азык-түлүк программасына ыйгарылды

“Нобель” тынчтык сыйлыгынын лауреаты болуп ачарчылыкка каршы күрөшү үчүн Бириккен улуттар уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда Норвегиянын “Нобель” комитетинин төрагасы Берит Рейсс-Андерсен билдиргенин дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

“Нобель” комитети сыйлык коронавирус пандемиясы учурунда ачкачылыкка каршы күрөшүү аракеттери үчүн чыр-чатактардан жапа чеккен аймактарда тынчтыкты орнотуу жана жакшы шарттарды түзгөндүгү үчүн берилгенин белгиледи.

Уюмдун басма сөз катчысы “Нобель” сыйлыгын алуу алар үчүн чоң сыймык экенин билдирген.

Ал эми лауреатты тапшыруу аземи 10-декабрда Осло шаарында өтмөкчү.

Бардыгы болуп "Нобель" тынчтык сыйлыгына быйыл 318 талапкер сунуш кылынган, арасында 211 адам жана 107 уюм болгон.

"Нобель" сыйлыгы – 1901-жылдан бери илимий, маданий же өзгөчө изилдөөлөрдү жараткан инсандарга ыйгарылып келет. Сыйлык швециялык химик Альфред Нобелдин наамынан аталып калган. Лауреаттарга тапшырылган медалдар алтындан жасалып, салмагы 175 граммды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан