Өмүрбек Бабанов: "Ойгон, элим, көзүңөрдү ачкыла. Мамлекетти биз өзгөртпөсөк, эч ким өзгөртпөйт"

Саясатчы Өмүрбек Бабанов кечээ күнү "Ала-Тоо" аянтындагы окуядан кийин кайрылуу жасады.

"Мен үчүн баалуулук бул таза болуу, абийир, намыс жана кыргыз элинин тынччылыгы.

5-октябрда Үмүт деген 19 жаштагы бала өлкөдө коррупция жок болсун, бандиттер болбосун деп каза болду.

Мен ошол үчүн саясатка кайтып келдим. Мен эч качан премьер-министр же президент болом деп жулунган эмесмин.

Бүгүн (ред. 9-октябрда) тынчтык митингине бардык. Бирок чагымчылдар, бандиттер, мастар провокацияга алдырып, Тилек Токтогазиевге таш ыргытып, биздин унаага ок атып, Атамбаевге ок чыгарды. Ушулбу акыйкаттык?

Мен эч качан корккон эмесмин. Элимдин тынчтыгы, амандыгы биринчи орунда. Ошол үчүн мен бүгүн дагы чыгып күрөштүм.

Провокаторлор менен бандиттер тынч митингибиздин катышуучуларына таш ыргытып, ок атканы үчүн 5-октябрда жаштарыбыз чыккан эмес!

Ойгон, элим, көзүңөрдү ачкыла. Мамлекетти биз өзгөртпөсөк, эч ким өзгөртпөйт"
, - деп сүйлөдү Бабанов кайрылууда.

Өмүрбек Бабанов кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан