"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 36 миллиондон ашты

Дүйнөдөгү статистикага ылайык, бүгүн, 10-октябрга карата коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 36 миллион 796 миң 47 болду. Анын ичинен 25 миллион 577 миң 703 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 67 миң 60 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 7 миллион 662 миң 798 адамдан коронавирус аныкталды. 212 миң 651 адам каза болсо, 3 миллион 89 миң 39 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 6 миллион 906 миң 151 адамдан аныкталды. 105 миң 526 адам каза болсо, 5 миллион 906 миң 69 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 55 миң 808 адам вируска кабылган. 148 миң 957 бейтап көз жумса, 4 миллион 502 миң 854 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан