Өзбекстанда бир суткада 328 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус илдетинен 354 бейтап айыгып чыкты. 2 адам каза болду. Жалпы илдетти жуктуруп алгандардын саны 60 миң 450гө жетти. 57 миң 330 бейтап айыкты.