Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министр кызматына Садыр Жапаровдун талапкерлиги каралды. Депутаттар Садыр Жапаровду өкмөт башчы кылып шайлады.
Ал программасы менен тааныштырып жатып "абал катуу болуп жаткандыгына байланыштуу өкмөттүн курамына өзгөртүү киргизген жокпуз" деп айтты.