"Суранам мага Кыргыз паспортун бергилечи!". Орус акыны Максим Федин Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын алууну суранды

Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан окуяларды көңүл сыртында калтырбаган белгилүү орус акыны Максим Федин бул жолу да Кыргызстанга ыр арнады.

Ал кезектеги чыгармасында Кыргызстандын жараны болууну каалап жатканын, анын таза абасынан дем алып, суусун ичип, адамдары менен сүйлөшүп, жаңы жашоону бул өлкөдө баштагысы келип жатканын жазган.

Анын ырында "Суранам силерден мага Кыргыз паспортун бергилечи" деген сап кездешет. Азыркы тапта чыгарма колдонуучулар тарабынан кызуу кепке алынууда. Алардын биринчи тобу Фединге таң калып бүтө албай жатса, экинчи тобу "өкүнмөксүң Кыргыз болуп калганыңда" деген сыяктуу билдирүүлөрүн жазып калтырышкан. Албетте, алардын ичинен басымдуу бөлүгү "Жетпеген сүйүү гана тунук, таза бойдон калат деген сөз бар. Ыр сонун, рахмат!" деп жазгандары да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
modem4999
2020-10-12 11:24:40
Жан дуйносу кенен адам экен, а биздики болсо тарып баратпайбы.
+11
suban78
2020-10-12 12:35:24
Аа кел, кел. Коп болсо бир ай чыдаарсын, анан россиянын атуулдугун ала албай журосун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан