Орусиялык саясатчы жана Мамлекеттик Думанын депутаты Владимир Жириновский "Комсомольская правда" радиосуна берген маегинде Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан окуялар жөнүндө комментарий берди.
Ал өз сөзүндө өлкөдө болуп жаткан акыркы окуяларга таң калуу менен карап, кыргыздар тактыга келген президенттерин жек көрөрүн айткан.
"Кыргыздар өз президенттерин жек көрүшөт. Алар ушуну менен бешинчи президентти айдап жатышат. Аскар Акаев кайда? Ал Москвада жашынып жатат. Курманбек Бакиев кайда? Беларуста жашырынып жүрөт. Алмазбек Атамбаев кайда? Түрмөдө жатат. Сооронбай Жээнбеков кайда?
Бул эмне демократиябы? Көп партиялуу тоскоолдук 4 пайыз, аларда 7 пайыздык чек бар болчу. Азыр ошол 7 пайыздык өтүүчү чек кайда? Мындай дүйнөнүн эч бир жеринде болгон эмес, болбойт дагы. Болуп жаткандардын бардыгын Бишкектеги эле узурпаторлор, диктаторлор ойлоп тапкан. Израилде 1 пайыз босого чекти камсыздаган партиянын өкүлдөрү азыр парламентте отурат. ⠀
Кыргыз мамлекети - Борбор Азиядагы эң жакыр өлкө. Менин ал жакта туугандарым, Бишкекте жерим да бар. Өлкө жакыр болгондуктан өзүмө тиешелүү жерди да сата албай жатам. Бизге ал жер мураска Совет бийлигинин тушунда берилген. Азыр ал жерде үйлөр бар, Бишкектин борборуна айланды. Мен өзүм ал жактанмын, Алматы жакын жерде, 150 чакырым. Дүйшөмбү шаарынан менин туугандарымды 90-жылдары кууп чыгышкан", - деп билдирген Жириновский.