- Саламатчылык. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Рахмат!
- Якутияда иштеп жатканыңызга канча убакыт болду? Ал жакка кандай себептер менен барып калдыңыз?
- Якутияга келгениме, буюрса, быйыл үчүнчү жыл. Негизи Орусияда окуу апамдын тилеги болчу. Жакындарымдын көмөгү менен Москва шаарынан ординатураны уланттым. 2017-жылы июль айында келип, окуу жайдын талаптарына ылайык экзамендерди тапшыргандан кийин жыйынтыгы да бат эле чыгып, ФГБУ А.Н.Бакулев атындагы "Жүрөк-кан тамыр хирургиясынын Улуттук медициналык илимий борборунда" келишимдик негизде окуп баштадым. Окуп жаткан кезде таптакыр иштеген жокмун. Болгон убактымды окууга гана жумшадым. 2019-жылы август айында ординатураны бүтүп, диплом алгандан кийин кардиолог болуп иштегенге жумуш издеп, бирок тапкан жокмун. Анан атам менен кеңешип, УЗИ сертификатын алуу үчүн ушул эле жылы ФГБУ академиясына тапшырып, үч жарым ай окуп сертификат алдым. Ошонун негизинде Москвада мага УЗИ дарыгер болуп 0,5 ставка менен иштөөгө жумуш сунушташты. Бирок ал жакта жашап-иштөө менин жеке талаптарыма ылайык келген жок. Андан тышкары өзүмдүн бир тууган иним Якутияда иштегендиктен анын чакыруусу менен келип калдым. Бирок мен Якутияда эмес, Кыргыз өлкөсүнө барып иштейин деген оюм бар эле, тилекке каршы, карантин башталып, жолдор жабылгандыктан ушул жакта калып иштөөгө туура келди. Бир ай убакыттан кийин интернет аркылуу вакансияларды карап бир жеке клиникага УЗИ дарыгер керек экен, ошол жакка барып, тааныштым, алар сынап көрүштү. Негизи Якутияда жүрөк дарыгери өтө аз болгондуктан, абдан зарыл болгон учурда мени жумушка алганга макул болушту.
- Адам өмүрүн сактап калуу, дегеле ооруган кишинин сакаюусуна дарыгерлердин жардамы да, жоопкерчилиги да чоң. Айтор бул кесип менен иштөө бала чактагы кыялыңыз беле?
- Негизи бала чактан котормочу болом деген кыялым бар эле. Апам катуу ооруп калып, ошол себептен дарыгер болууну ниет кылдым. Эң биринчи ата-энемдин колдоосу себеп болду. Медакадемияда 6 жыл окудум. Башында абдан кыйналдым. Сабак эртең менен саат 07:00дө башталчу. Сабагым бүтөрү менен эле китепканага барчумун. Эң көп убактым китепканада өттү. Айта кетсем бир эле омуртка сөөктү изилдөө үчүн эки ай окугам. Экзамендерде алдын ала жаттап, даярданчумун. Сабактардан 5 алсам кубанып, биринчи эле апама чалчумун. 5-курсумда апам унаа кырсыгынан каза болуп калгандан кийин окугум келбей, чөгүп баштадым. Мугалимдердин колдоосу менен "Тез жардам" бөлүмүндө иштеп баштадым. Ал жерден дарыгерлердин колдоосу менен бир топ тажрыйба алдым десем болот. Ошону менен бирге медициналык борбордо ЛОР бөлүмүндө медайым болуп түнкү нөөмөттө иштеп жүрдүм. Окууну аяктаганга чейин эки жерде иштеп, тажрыйба алдым. Окуу жайды бүткөндөн кийин үйдөгүлөр менен кеңешип Москва шаарында ординатураны окууну чечтим.
- Айтсаңыз, карьераңыз боюнча кандай тажрыйбаларга ээ болуп жатасыз? Негизинен Якутияда эмне жумуштарды жасайсыз жана кыргыз медицинасына салыштырмалуу кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдыңыз?
- Өзгөчө Якутияда иштеп баштаганда көбүрөөк тажрыйба алып баштадым. Учурда үч жерде иштейм. Кордиологиядан тышкары, УЗИ боюнча эң көп Вера Донцовадан үйрөндүм десем жаңылышпайм. Ал кишини "УЗИ боюнча ушул кишиден үйрөнсөң болот" деп баары мактагандыктан ага шак эле жармаштым (күлүп). Башынта мага көңүл бурчу эмес, ар бир жасаган ишине көңүл буруп, артында туруп, карап үч ай жүрдүм. Тапшырмаларын так аткарганга аракет кылып УЗИни өздөштүрүп баштадым. Жүрөк боюнча ар кандай патологиялар келет эле, аларды түшүнчү эмесмин, сүрөттөрүн карап тура берчүмүн. Сандык түзүлүштөрүн гана айтып берип турчумун. Анан бир күнү бир патологияны сүрөткө тартып алып, аны үйдөн окуп келчүмүн. Анан дагы бир күнү башкасын сүрөткө тартып алып аны окуп, үйрөнүп келчүмүн. Ошентип кайра-кайра окуп жатып үйрөнүп баштадым. Үч айдан кийин өзү мени чакырып баштады. Жандандыруу бөлүмүнө чогуу барып операцияга чейин, андан кийинки жүрөк оорулууларды көрчүбүз. Диагноз коё баштадык. Ошентип бир жыл аны менен чогуу журуп тажрыйба алдым. Бейтаптар келгенде кезекке туруп калышчу, анан мени аларга "бул биздин кординаторубуз" деп тааныштырып, кадимкидей бейтапты көрүүгө өз алдынча иштегениме уруксат берип баштады. Анан менин үстүмдөн дайыма текшерип турчу. Ошентип УЗИ менен иштеп, диагноз койгонду үйрөнүп алдым. Эки жактын медицинасын салыштыра турган болсом, менин жеке пикирим, бул жакты жамандабайм, бирок биздин дарыгерлер күчтүүрөөк экенин байкадым. А бирок биздин өлкөдөгү медициналык жабдыктар аябай эски. Бул жактын аппараттары заманбап, иштесең көңүлдүү иштейсиң. Ошондой эле айлык акылары жогору. Кыргыз мамлекетинде дагы ушундай айлык акы төлөнсө, эртең эле өз өлкөмө кайтмакмын.
- Эң жакшы. Эми айтсаңыз ал жакта контрагыңызга канча төлөп окудуңуз? Азыркы иштеп жаткан жериңизден канча акы аласыз?
- Москвада ординатураны биринчи жылы 183 миң контракт төлөдүк, кийинки жылы 187 миң төлөдүк. Айлык маянам тууралуу биринчи поликлиникадан алгач иштеп баштаганда биринчи алган айлыгым 50 миң рубль болду. Экинчи менчик клиникадан 20 миң рубль, ал эми толук эмес иштеп жаткан жерден 10 миң рубль, баары кошулуп 80 миңдей маяна алам.
- Абдан жакшы экен. Эми Якутия тууралуу дагы сөз кылалы. Ал жактагы кызыктуу күндөрүңүздөн айтып берсеңиз. Ошону менен бирге алдыдагы максаттарыңыз кандай?
- Якутиянын негизги калкы якуттар, алар өздөрүн саха калкы деп санашат. Алар менен биргеликте орус жана башка улуттар жашап, эмгектенип келишет. Якутск шаарында 322 миң 987 адам жашайт. Аймагы боюнча биздин Жалал-Абад шаарындай бар. Якуттар биз сыяктуу эле уйдун, жылкынын, эликтин этин жешет. Эң негизги азыгы балык эсептелет. Алар балыкты чийки боюнча тоңдуруп, ичке бөлүктөргө бөлүшүп, туз менен деликатес катары жешет. Бул тамакты строганина деп аташат. Ошондой эле строганинаны жылкынын этинен, боордон да даярдашат. Дагы бир белгилүү тамактарынын бири хаан. Муну кадимки эле союлган малдын канынан чучуктарды (колбоса) даярдашат. Харта деген тамагы бар. Аны жылкынын ич-эттеринен даярдашат, өрдөктүн шорпосу да сүйүктүү тамак-аштарынын бири. Аба ырайы өтө суук, кыш мезгили 7-8 айга созулат. Суук -50 градуска чейин жетет, орточо -40 градус. Лена дарыясынын бир жээгин тосуп алып, жайкысын "шаардык жээк" деп жайкы сууга түшүү сезонун эли үчүн ачып беришет. Кышкысын ушул эле жерди жылгаяк тебүүчү жайга айландырышат. Ал жерден өзүнчө эле адреналин аласың.
Кызыктуу окуялардын бири: Бейтаптарды кабыл алып жатып 5 жаштагы кичинекей кыздын жүрөгүн көрүп жаткам. Анан бүткөндөн кийин, ал кыз менин телефон номеримди сурады. Мен таң калдым, анан ал "мен келечекте ашпозчу болом, өзүмдүн ресторанымды ачам. Андан кийин сизди түшкү тамакка чакырам" деп бетимдеп өөп кетти. Ушуга окшогон абалдар көп кездешет.
Буюрса, алдыда жакшы ой-максаттарым бар. Үй-бүлө күтүп, сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуу дегендей. Андан тышкары өз өлкөмө барганда ушул алган тажрыйбаларым менен элиме кызмат кылам деген пландарым бар. Келишимим бүткөндө буюрса, тынчтык болуп турса, карантин бүтүп, жолдор ачылса, албетте, Кыргыз өлкөсүнө барып жумушумду улантам.
- Маегиңизге рахмат. Ишиңиз ийгиликтүү аяктап, аман-эсен мекениңизге келип алыңыз.