Тажикстанда президенттик шайлоодо Эмомали Рахмон калктын 90 пайыздан ашык добушун алды

Өткөн дем алыш күнү Тажикстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Анда өлкөнүн учурдагы мамлекет башчысы Эмомали Рахмон утуп чыкканын орус басылмалары жазышууда.
"Алдын ала маалымат боюнча, Эмомали Рахмонго шайлоодо калктын 90,92 пайызы добушун берген. Бул жалпысынан 3 миллион 837 миң шайлоочу болот. Ошол эле маалда шайлоого 85 пайыздан бир аз көбүрөөк жаран катышкан. Президенттик орун үчүн Рахмондон тышкары дагы төрт талапкер жарышкан" , - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, Эмомали Рахмон 1992-жылдан бери Тажикстандын президенти. Анын башкаруу жылдарында өлкөдө 5 жолу президенттик шайлоо өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2020-10-12 12:45:16
Эр экен.
-3
sainazarov0555
2020-10-12 12:53:38
ФОРМА 2 менен откондурда :)
+5
Jelezo
2020-10-12 13:06:47
99 эле кылып албаптыр
+5
AdylbekB84
2020-10-12 13:20:44
Тажиктер айтып жатат үймө үй кыдырып эч нерсе жазылбаган (актай)барака кол койдуруп кетип жатат деп, даже Рахмондун фамилиясы жок экен! Ал жака барып өздөрү бүтүрүштү да калганын!
+6
Mirzita81
2020-10-12 14:01:36
Ушундай демакратиялуу олкодо жашаганыбызга Кудайга шугур айтышыбыз керек. Ойбузду дайыма ачык айта алабыз . Тажикстанда отто катту тартипте уйбулоолук башкару тапканын окмотко алып келип тогу ушу ж.б фактыларын коруп аябай тан калгам .
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан