Тоолуу Карабахтагы жаңжал башталгандан бери Азербайжандын 514 брондолгон унаасы жана 168 пилотсуз учагы жок кылынды. Бул тууралуу Армениянын Бирдиктүү маалымат борборуна таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кагылышуу башталгандан бери Азербайжан тараптан 16 тик учак, 17 учак, 514 брондолгон унаа, төрт оор от алып жүрүүчү система, 168 пилотсуз учак жок кылынган.
Мындан тышкары кагылышуудан Азербайжан тараптан 4 миң 919 адам курман болгон.
Армения-Азербайжан кагылышуусу 27-сентябрда башталган. Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.