Кечээ, 11-октябрда коңшу Тажикстанда президенттик шайлоо болуп өттү. Президенттик кызматка беш талапкер ат салышты, алардын арасында азыркы лидер Эмомали Рахмон дагы бар.
Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, азыркы президент Эмомали Рахмон шайлоочулардын 90,92 пайыз добушун алса, экинчи орунга 3,03 пайызы менен Рустам Латифзода жайгашты. Ал эми үчүнү орунга 2,19 пайызы менен Рустам Рахматзода жайгашкан.