39 жаштагы дүйнөгө белгилүү фотомодель, актриса Ким Кардашьян согуш болуп жаткан Арменияга жардам берүү үчүн кайрымдуулук катары 1 миллион доллар которду. Бул тууралуу Ким Кардашьяндын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдиргенине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ким Кардашьян кагылышуудан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан “Армения” фондуна бир миллион доллар которгон.
“Бизди бөлүп жаткан аралыкка карабай, бизди чек аралар бөлө албай турганын, анткени баарыбыздын улутубуз армян экени эч кимдин эсинен чыкпашын каалайм”, - деп билдирген Кардашьян видеокайрылуусунда.