Мэрия: “Жылуулук берилип жатат, бирок ага карата карыздын суммасы 4 миллиондон ашты”. Карыз болгон объекттер кайсылар? (Тизме)

Бүгүнкү күнгө карата 2 миң 700 объектинин 2 миң 481 объектисине жылуулук берилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тилекке каршы, октябрь айына карата абоненттердин жылуулукка болгон карызы 4 миллион 207 миң сомду түзөт.

"Бардык түзүмдүк, аймактык бөлүмдөр жана чарба субъектилери штаттык режимде иштеп жатат. 9-октябрь күнү жылуулук берилди. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө жылуулук үчүн карыз 4 миллион 207 миң сомду түзөт. Абоненттер акчасын канчалык өз маалында төлөсө, жылуулук менен ысык суу берүүгө ошончолук жакшы шарттар түзүлөт", - деп жазылат билдирүүдө.

Карыз болгондордун тизмеси:

  • Жал-29, №22, №22/1, №22/2 үйлөр – "Маккена" компаниясы — 1 миллион 721 миң сом;
  • Тыналиев көчөсү, №3/5, №3/6 үйлөр – "Шерой" компаниясы — 324 миң сом;
  • Тыналиев көчөсү, №2/21 (А,Б,В,Г) үй – "Имарат-Прогресс" компаниясы — 244 миң сом;
  • Термечиков көчөсү, №10/1 үй – "Кыргыз-Каганат" компаниясы — 92 миң сом;
  • Лев Толстой көчөсү, №126 үй – "Оргтехстрой" компаниясы — 1 миллион 610 миң сом;
  • Панфилов көчөсү, №16 үй — 215 миң сом.

Мэриянын маалыматына ылайык, муниципалитетке тиешелүү "Бишкек жылуулук энерго" ишканасы 600дөн ашык турак үйдү, ошондой эле 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 25 башка бюджеттик мекемелерди жана башка 212 керектөөчүлөрдү жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
raia
2020-10-13 07:52:44
карапайым элден кысып туруп алат го эмнеге ?
Эмнеге чон чон мэнчик ишканалардан ала албайсынар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан