АКШда узун буттуу өспүрүм кыз дүйнөлүк рекорд койду (фото)

АКШнын Техас штатында жашаган 17 жаштагы Маки Каррин буттарынын узундугу боюнча эки ирет дүйнөлүк рекорд койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анын буту дүйнөдө кыздар жана өспүрүмдөр арасында эң узун экени далилденди. Кыздын бою 1 метр 98 сантиметр болсо, анын 135 сантиметри бутуна кеткен.

Апасы кызынын бою узун болорун кичине кезинен эле өзү теңдүүлөргө салыштырып билгенин айтат. Учурда Маки апасынан гана эмес, атасынан, агасынан дагы узун.

Кыздын айтымында, жогорку класстарда окуй баштаганда боюнун айынан өзүн ыңгайсыз сезчү. Кийин Инстаграм баракча ачып алган соң белгилүү болуп кеткен. Учурда өзү сыяктуу өспүрүмдөргө боюнан уялбай, тескерисинче сыймыктануу керектигин айтып, кеңеш берип келет. Маки Карриндин баракчасында 50 миңден ашык катталуучу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
aerforce
2020-10-12 18:52:09
Буту эле менче бар экенда
+5
Kerryee
2020-10-12 18:58:52
Жираф Дейн десен мойну эмес буту Узун экен анда бул неге окшош?
-2
Anysew
2020-10-13 10:00:27
Kerryee,страус болот
-1
Belek1710
2020-10-12 19:10:08
Самат Гульнара-Клара деген да депутат барбы?! Аялбы же эркек депутатбы?
+1
Nur777
2020-10-12 20:11:37
Belek1710,аял,балдарынын,озунун атын кошуп алган)
+1
Belek1710
2020-10-12 20:40:11
Nur777,менин атымы да кошуп албаптыр да))))
+2
nazira...
2020-10-12 20:07:48
Буту страшно узун экен, нежныйыраак болгондо сонун корунот эле
0
bond0202
2020-10-13 00:15:00
Буту белине беш оролотко
-1
AidaKurman
2020-10-13 00:27:57
Боюн ото узун болсо да жаман корунот экен. Менин боюм 1,70 анын кобу бутка кеткен:)))) Азыр 30га чыктым дагы эле уялам узун буттарым учун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан