Өлкөдө орун алган баш аламандыкта кырчындай жаш өмүр кыйылды. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла элек 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу 5-октябрда орун алган баш аламандыкта оо дүйнөгө кете берди. Анын сөөгү туулуп-өскөн жери Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилди.
Үмүтбек Алтынбек уулун эскерип, SUPER.KG порталы анын атасынын агасы Таалайбек Жуматаев менен маек курду.
— Иниңиздин арты кайрылуу болсун!
— Рахмат...
— Үмүтбек тууралуу кенен маалымат айтып өтсөңүз. Шаарда эмне жумуш кылчу эле?
— Бишкек шаарында тигүүчү цехтердин биринде тигүүчү-дизайнер болуп иштечү. Ага чейин Бишкектеги №17 кесиптик лицейде билим алып, тигүүчү-дизайнер кесибин алып чыккан.
— Соцалдык тармакта Үмүтбек бир үйдүн жалгыз уулу болчу деп жазып жатышат. Үй-бүлөсү тууралуу айтып берсеңиз.
— Социалдык тармакта туура эмес маалымат тарап кеткен экен. Үмүтбек жалгыз уул эмес, беш бир туугандын экинчиси. Анын эжеси (азыркы учурда ал 2 наристенин мээримдүү апасы), 2 карындашы жана 8 айлык иниси бар. Ата-энеси айылда турушат. Атасы механик, апасы үй кожойкеси.
— Үмүтбек менен акыркы жолу качан байланыштыңыз эле?
— Акыркы жолу 13-сентябрда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде (агабыз каза болуп, куран окутканбыз) көрүшкөм. Ошондо ал-акыбал сурашып, эмне кылып жатасың десем. "Иштеп жатам. Чоң ата, блогер болуп иштесемби?" деген. Анда эмне кыласың блогер болуп, ага билим керек 5 жыл окуш керек десем "Мен аны окубасам деле билем" деди. Кантип деп суроо салсам. "Эки досум бар. Чогуу иштейбиз. Аппараттарды алып койгом" деп фотоаппарат, камераларды айткан. "Атама бул жөнүндө айтпай эле коюңузчу, атам уруксат бербейт" деп дагы суранган эле. Үмүтбек, ойлонуп көр, азыркы иштеп жаткан ишин деле жаман эмес, жакшы деп айткам. Андан кийин жолуга албай калдым.
— Митингге чыкканын билчү белеңиздер?
— Ал Дордой жакта иштеп, бирге иштешкен достору менен чогуу жашачу. Митинг болгон күнү кечинде апасы телефон чалган экен. Анда жумуштан чыктым, чарчадым. Үйгө барам деп айтыптыр. Ошондо апасы дагы Үмүт сен дагы сыртка чыгып кетпе дегенде чыкпайм дептир. Ал жерде Үмүтбектен улуу жигиттер дагы чыгып кетпе деп эскертишиптир. Ал досторуна "мекенчил болушубуз керек. Карап отура бересиңерби, биз дагы чыгышыбыз керек, өзүбүздүн жаркын жашообуз үчүн мүмкүнчүлүк түзүшүбүз зарыл. Бизге адилеттүүлүк керек" деп айткан экен. Ошентип чыгып кетишиптир. Ушундай каргашалуу окуядан кийин аны жоготуп алдык.
— Үмүтбектин ооруканада экенин сиздерге ким кабарлады?
— Кырсык болгон күнү айылдаш иним чалып калды. "Үмүтбектен кабар алыңызчы, ооруканага түшүп калыптыр" деп. Дароо Үмүтбекке чалсам, ооруканада иштегендерден бирөө алды, чоң атасы болом десем, оорукананын дарегин айтты. Республикалык ооруканага түшкөн экен. Эртең мененки саат 7де ошол жакка келдим. Келгенимде бир топ адамдар бар экен. Ал жерде болжолдуу жарым саат, бир саат тургандан кийин дарыгерлерден кайра-кайра сурай бердик. Бир дарыгер телефонду көтөрүп, "бул кимдики эле, тааныйсызбы?" деп сурап калды. Жок тааныбай, бирок чалып көрөйүнчү десем, ошол телефонго чакыруу (вызов) түшүп калды. Үмүтбек Алтынбек уулу деп аты-жөнүн айттым. 1-2 сааттан кийин дарыгерлер Үмүтбектин каза болгонун айтышты. Көрсө, кечинде эле ооруканага түшкөндө каза болгон экен.
— Учурда социалдык тармактарда Үмүтбектин кичинекей кезиндеги жакшы көргөн оюнчугу танка, автомат эмес комбайн болгондугун жазып жатышат. Ушул боюнча дагы маалымат бере кетсеңиз.
— Үмүтбектин мектепте окуп жүргөндө эле комбайн, техникаларды жасап кароо-сынактарга катышып турчу. Дагы бир байкап калган нерсем, кичинекей кезинде эле чөнтөк телефондордун бузулганын чачып эле, кайра оңдой берчү. Биз анда коркуп, кичинекейсиң, бир жериңди күйгүзүп алба деп акыл айтып турчубуз. Бирок ал ошолорду бат эле оңдоп койчу. Чоңойгон сайын смартфондорду оңдогонду үйрөнө баштады. Мектепте окуп жүргөндө эле комбайндын (мотору бар, батерея менен жүргөн) макетин мугалими менен чогуу жасап, райондук, облустук сынактарга катышып, биринчи орунду алып, республикалык сынактарга чейин катышып, сертификаттарды алып келген.
Андан сырткары балапандарды чыгаруучу аппарат жасаган. Алардын дагы макеттери бар. Элдин турмушуна керек буюмдарды жасасам деп кыялданып, алма, жемиштерди кургатып как кылчу аппараттын макетин жасаган экен. Бул табылгасы менен дагы республикалык кароо-сынакка катышып келип, жакшы орундарды алып келген. Бул аппараттын дагы бир жакшы жери жайлоого чыкканда курутту өтө бат кургатчу аппарат.
— Үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан колдоо болдубу?
— Ал эми үй-бүлөсүнө мамлекет тарабынан көңүл сурап кайрылгандар болуп жатат. Баарына ыраазычылык билдирип жатабыз.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Үй-бүлөсүнө сабыр тилейбиз!